Алимент төлөбөй качып жүргөн 2731 адамга издөө жарыяланды

Жогорку сотко караштуу Сот департаментинин маалыматына караганда, ушу тапта алимент төлөбөгөн 2731 адамга издөө жарыяланган. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Максат Сабиров билдирди.

Жогорку Кеӊештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитети алименттик милдеттенмелердин аткарылышын ыратташтырууга багытталган “Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу” КР мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоорун үчүнчү окууда жактырды.

“Мыйзам долбоору менен сот аткаруучуларынын укугу, карызкорлордун маалымат базасын түзүү боюнча милдет, ошондой эле редакциялык мүнөздөгү айрым бир толуктоолор киргизилүүдө”, – деди Максат Сабиров.

Демилгечинин айтымында, 2017-жылы “Сот аткаруучулары жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу” жаӊы мыйзам ишке киргизилип, “Кыргыз Республикасындагы аткаруу өндүрүшү тууралуу жана сот аткаруучулардын статусу жөнүндө” мыйзамы күчүн жоготкон. Ошондон улам, жаӊы мыйзамды алименттик милдеттенмелер боюнча жаӊы ченемдер менен толуктоо зарылдыгы келип чыкты.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген