Алгач Европада майрамдалган. 1-октябрь – Карылар күнү

Орусияда бүгүн кургактагы куралдуу күчтөр күнү болсо, Өзбекстанда мугалимдердин жана устаттардын, Венада кофе, ал эми Жапонияда улуттук вино “саке” күнү. Октябрь айынын алгачкы күнүндө дүйнө жүзүндө кайсы майрамдар белгиленип жатканы тууралуу төмөнкү макалада.

1990-жылы 14-декабрда БУУнун Башкы Ассамблеясы өзүнүн 45/106 резолюциясында коомчулуктун көңүлүн улгайган адамдардын көйгөйлөрүнө буруу максатында 1-октябрды Эл аралык карылар күнү деп белгилөөнү чечкен. Алгач Европада, кийин Америкада майрамдалган бул күн 1990-жылдардын аягында бүткүл дүйнөгө таралган.

Бул күнү дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө ар түрдүү жарманкелер, жашы улгайган адамдардын укугун коргоо жана коомдогу орду жана ролу тууралуу конгресстер жана конференциялар өткөрүлөт. Учурда дүйнө жүзүндө 60  жаштан жогору 900 миллион адам бар. Бул сандар 2050-жылы 2 миллиардга жетип, адамзаттын тарыхында биринчи жолу кары адамдардын саны жаш балдардан көп болот.

Жыл сайын 1-октябрда дүйнө коомчулугу 1977-жылы Түндүк Америка вегетериандар коому (NAVS) тарабынан негизделген Эл аралык Вегетериандар союзунун колдоосу менен Бүткүл дүйнөлүк вегетериандар күнүн белгилейт.

Бүгүн эл аралык музыка күнү.  1975-жылдан бери эл аралык  музыка кеңешинин колдоосу менен музыка күнү деп белгиленген. Көпчулүк өлкөлөрдө майрам жыл сайын мыкты сүрөтчүлөрдүн жана көркөм өнөр жамааттарынын катышуусунда чоң концерттик программалар менен белгиленет.

Бул күнү дүйнөлүк маданияттын казынасына кирген композициялар жаңырат. Ошондой эле, композиторлор, аткаруучулар, музыка таануучулар менен чыгармачыл жолугушуулар өткөрүлүп, тематикалык көргөзмөлөр жана билим берүү мүнөзүндөгү иш-чаралар уюштурулуп, ар кандай жамааттарда музыканы искусство катары жайылтуу максатын көздөйт.

30-сентябрь кандай күн? Бүгүн белгиленген майрамдар

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген