Алексей Филатов кома абалында реанимацияда

Алып баруучу, продюсер Алексей Филатов азыркы кезде оор абалда реанимацияда. Ага ИВЛ аппараты туташтырылганы белгилүү болду. Бул тууралуу Алексей Филатовдун устаты Ассоль Молдокматова Манас аэропортунан Баку шаарына жол артып баратып, Instagram баракчасына видео билдирүү жасады.

 Алексей Филатовдон коронавирус илдети аныкталыптыр.

Ассоль Молдокматова: “Достор! Менин окуучум –  алып баруучу Алексей Филатов жандандыруу бөлүмүнө жатып калды. Ага ИВЛ аппараты туташтырылды, 89 сатурациясы менен. Өтө оор абалында.  Анын сакайып кетүүсү үчүн баарыңыздардан дуба кылып коюшуңуздарды суранам. Леша – эң сонун адам жана ар дайым жанымда жүргөн эң мыкты окуучум. Ага күч-кубат берсин деп дуба кылып отурам. Жараткан биздин дубаларыбызды кабыл кылган болсун. Качан жалпы эл дуба кылып, тилек айтканда кыйынчылык бат өтөт. Лешенька! Жаша!”, — деп кайрылган.

Алексей Филатов Кыргызстанда белгилүү теле алып баруучу.

Мектептин окуучусу кезинен эле КТРКда “Улуттук хит-парад”ты алып барат болчу. Андан кийин башка телеканалдарда эмгектенип келген. Азыркы кезде алып баруучулу, продюсер жана көптөгөн теледолбоорлордун автору.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.