Алдамчылыкка шектелген Гүлзат Мамытбек камакта калтырылды

Бишкектин Биринчи май райондук соту Гүлзат Мамытбекти камакта калтырды. Ал 25-ноябрга чейин камакта болот жана жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын №21 мекемесине которулду.

Эскерте салсак, Биринчи май райондук милициясына 7 жаран арыз менен кайрылып, алардан акча алып изин жашырып кеткен Г.А. аттуу жаранга карата тиешелүү чара көрүп берүүнү өтүнүшкөн. Келтирилген зыяндын жалпы суммасы 110 миң долларды түзөт.

2020-жылдын 13-июлунда Биринчи май райондук соту тарабынан Г.А.нын сырттан баш коргоо чарасы Бишкек шаарындагы 1-СИЗОго камакка алуу түрүндө тандалган.

2020-жылдын 8-августунда Г.А. Кылмыш-процессуалдык кодексинин 237-беренесине ылайык, кылмышка шектүүнү издөөгө байланыштуу убактылуу токтотулган.

2021-жылы 25-октябрда жаран Г.А. Кыргызстанга келгенде кармалып, Биринчи май райондук ИИБдин тергөө кызматына жеткирилип, камакка алынган.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.