Алайлык чебер апаларды алга сүрөгөн айым. Видео

“Демге-дем” медиа борбору Кыргызстандагы элеттик ишкер айымдардын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү максатында атайын репортаждарды даярдады. Долбоордун негизги максаты жашы 40тан илгерилеп  калган ишкер айымдардын кызматын, өз колу менен жасаган буюмдарын же товарларынинтернет аркылуу таанылтуу жана жаңы кардарларды табууга көмөктөшүү. Кыргызстандын аймактарында экономикалык оор абалга, чектөөлөргө карабай, элдин жашоо деңгээлин жогорулатууга умтулуп, түрдүү кыйынчылыктарды жеңип, өлкөбүздүн тагдырына кайдыгер эмес,  өнүгүүсүнө салым кошкон айымдардын ийгиликке жетүү жолун баяндайт.

Долбоордун катышуучуларынын бири Өктөмкан Абдылдаева

Жүндү жана терини иштетип андан буюм теримдерди жасоо элдик көркөм кол өнөрчүлүктүн бир түрү. Бирок, бүгүнкү күнү жүн жана терини иштетүүгө алган инсандар саналуу. Терини колдо иштетүүдө «жыдытуу», «малмага салуу», «ашатуу», «ийлөө», «жибитүү», «өңдөө» (бордоо), «боео», «ыштоо», «тилүү» жана башка ушул өңдөнгөн түркүн жолдору бар. Ушундай ар кыл ыкмаларды таасын колдонуу менен үйгө керектүү буюм-тайымдар жасап келген Алай районунун апалары бар. Кыргыз улуттук баалуулуктарын заман талабына ылайык кылып жасап, аларды сатып келишет. Бир эле кол өнөрчүлүк менен алектенбестен, атайын жумушсуз, социалдык жактан колдоого  муктаж апаларга иш табып берип, алар жасаган буюмдарды сатууга жардам көрсөткөн Өктөмкан Абдылдаева. Ал дээрлик 20 жылдан бери ушул жагдайда иш алып барган “Эне” коомун жетектеп, бир нече айымдарга көмөк көрсөтүп келет.

Өктөмкан Абдылдаева – Алай районундагы “Эне назары” коомунун төрайымы – Бул тери биздин ата-бабабыздан калган кол өнөрчүлүктүн белгиси болуп эсептелинет.  Биз бул терини атайын касапчылардан тандап, сатып алып келебиз.  Бул кашемир делген эчкинин жүнү да. Касапчилыарга алгач дайындап коебуз, алар мал-койду сойгондо эле туз себип коюушат.Терини туздап койгондон кийин жумшап аппак болуп, жакшына болуп калат. Ошону алып келип иштетебиз. Андан кийин эле терини жууп тазалайбыз, атайын уксустарды,туз, аш содасын пайдаланып жууганда, тери өңүнө абдан жакшы кирет да. Жыты да жок болуп калат.Андан кийин терилерди күнгө жайып, же көлөкөдө эле кургатылат. Анан кийин ийге салып, кийин, малькага салабыз. Андан  соң аны тартабыз, терини тартып таза карагандан кийин, өзү эле моминтип солкулдап калат да.

Тери жана жүндү табуу үчүн Алай жергеси абдан ыңгайлуу. Аймакта мал чарбасы жакшы өнүккөндүктөн, кой терисин табуу кыйынчылык туудурбайт. Тескерсинче көп болгондуктан, пахтага салыштырмалуу арзанга түшөт. Анын үстүнө койдун табигый териси – ден соолук үчүн абдан пайдалуу.  Андыктан бул нерсени жакшы түшүнгөн кардарлар үчүн, териден жасалган төшөнчөлөрдүн түрлөрү болот.

Өктөмкан Абдылдаева – Алай районундагы “Эне назары ” коомунун төрайымы  – Жүн менен теринин пайдалуу жактары абдан көп. Мисалы балдардын алдына отургучуна коюп койсо, компьютерде отурганда түбүнө койсо гемеррой болбойт. Андыктан өзгөчө Бишкекке, узак жолго  каттаган айдоочулар көп алышат. Алар машинесин оңдогон учурларда да, жерге сала коебуз дешет. Ал эми бул теринин аппакай түсү негизинен гостница, конок үйлөргө сатыла турган түрү. Ал эми айдоочуларга болсо, калын, түсү да  кочкулураак түрү керек болот. Ал эми бул аппак терини шаарга, балдарына да алышат. Ал эми кара тери менен кошулуп тигилген узун постек же конделендерди да даярдап жатабыз.т. Аны да даярдап койсок, буюртма кылышканда  дароо даярдап беребиз.Койдун пародасына ылайык, тери түрлөрү да ар түрдүү . Өзгөчө уяң койлордун териси эң сапаттуулары. Сапатына жараша жасалган буюм-теримдерге нак жогору коюлат. Эчкинин терилери да ошондой эле жол менен тандалат. Терини тазалап, ийге келтирүү бир машакат. Бар адамдын эмес, бир нече айымдардын эмгеги керек болуусу шарт.

“Эне назары” коому-Алай району боюнча жардамга муктаж, ден соолугу жактан аярлуу айымдарга колдоо көрсөтүү үчүн түзүлгөн. Андан бери 22 жыл өтүп, канчалаган кыз, келиндерге, апаларга ар тараптуу колдоолор көрсөтүлуп келет. Жөн эле жардам көрсөтпөстөн, эмгекке тарбиялап, өздөрүүчүн да пайдалуу болгон төшөк-жууркан, шырдак-шырдамалдарды тигип чыгышат. Аны менен бирге унутта калып бара жаткан кыргыз улуттук кол өнөрчүлуктөрдү жаштарга үйрөтүлөт.Кошумча даяр болгон буюмдарды сатып, иштеп жаткандарга акы төлөнөт. Мындай жардам алуу үчүн келгендердин бири Курманбу Зулпукарова. Ал атайын Мурдаш айылынан келген.

Курманбү Зулпукарова – чебер:  Кыйналгандарга жардам берип жатыптыр дегенинен аны угуп келгениме көп деле убакыт болбоду. Бир жылдан өтүп калды.Бул жер жакшы экен да. Мен дагы мурун ушинтип элдерден буюртма алып, шырдамал тигет элем. Ал мезгилде шарт оор, каражат жок болуп элдерде буюртма бергендер аз эле. Өзү жети балам менен мен жолдошум көз жумгандан кийин, жесир калып ошончо балдарды жлгыз тарбиялап, үйлөп жайлагамын. Ошондой оор, кыйынчылык кундөрдө депрессияга түшүп, аяюай кыйналып кеткен элем. Бул жер мага каражат жагынан эле эмес, ар тараптуу жардам берди десем болот.

Ар тараптуу иш алып барган коомдун өкүлдөрү жүндөн дагы ар түрдүү үй буюмдарды, уй-тиричилигине керектуу каражаттарды тигишет. Көбүнчө  жүндү жууркандардын ичине салышып, кабып чыгышат. Мындай жүндөн жасалган төшөк түрү жылуу жана ден соолук үчүн абдан пайдалуу.

Токтокан Арынова – чебер: – Эми бул жерге келгенимдин себеби жашоом оор болуп, жашоо-тиричилик үчүн каражат табуу болгон. Бүгүнкү күнү жүндөн төшөк жасап, сатып жатабыз. Жүндөн жасалган журкан-төшөктөр жылуу жана пайдалуу болот экен. Мурун пахтадан жасачубуз. Азыр жүндөн жасалган төшөктөр өтүмдүү болуп жатат. Үч жылдан бери иштеп жатам бул жерде. Сатылган товарлардын акчасын дароо берет Өктөмкан. Каражаттарды апарып, балдарды багып жатабыз.

63 жаштагы Шарапат эне да, тагдырдын оор сыноосуна кириптер болгондордун бири. Ал эки уулунун өлүмүнөн соң, инисинин колунда калган. Андыктан жалгыз жанын багуу үчүн бул жакка келип иштеп, өз керегине ылайык каражат табып кетет. Өнөрлүү бирок, аны өз алдынча колдоно албаган уз, чебер энелер үчүн бул жай ар тараптуу пайда берет.  Унутта калып бара жаткан жүн жана тери өнөрчүлүгүн кайрадан жандантып, кардарларды табып, кыргыз улуттук баалуулуктарды элге жайылтып жаткандардын арасында жаштар да бар. Айымдар бул жайга күн сайын эрте менен 9да келишип, кечки бешке чейин иштеп кетишет. Алар жууркандан сырткары шырдак, шырдамалдарды тигип, ар кандай жүндөн буюмдарды жасашат. Алардын соодалары жакшы болуп, кардарларынын көбөйө баштаганына үч жыл болуп калды. Ага чейин иштери солгун болуп, кардар  жок болуп олтуруп калышчу. Бул аялдарга колдоо көрсөтүп, аларга буюртма табып берип, жасап, тиккен кол өнөрчүлүктөрүн сатууга жардам берген инсан  Өктөмкан Абдылдаева.Ал беш баланы эрезеге жеткирип, аларды өз алдынча кылып койгон эне коомдо жабыркап, социалдык жактан аз камсыз болгон энелерге көмөк көрсөтүп келет. Үй-жайсыз, жумушсуз калган аялдарды иштетип, тапкан каражатты кайра өздөрүнө жумшайт. Каарманыбыз коомдо айрым учурларда айымдар абдан оор күндөргө кириптер болуп жатканы ачык чындык экенин жашырбайт.

Өктөмкан Абдылдаева – Алай районундагы “Эне назары ” коомунун төрайымы: Күйөлөрү үйдөн чыгарып барарга жери жок калганда, кыз-келиндербизге келишет. Эч качан келиндерди кайын журттары, туугандары колдобойт. Ошентипалар көчөдө калып жатышат. Ошондой айымдар үчүн биздин жатаканаларбыз, жашоо үчүн ыңгайлуу шарттарыбыз каралган. Аларга акысыз моралдык, юридикалык, пцихикалык кеп-кеңештерди беребиз. Дегеле эмне керек болсо, баарысын акысыз беребиз.

Өктөмкан айым кошумча өзү да кызыккан кол өнөрчүлүктү аркалап, жүн менен териден ар кандай үй-тиричилик буюмдарын жасоону жактырат. Анын үстүнө жашы улгайып калганда инсандар үчүн кыймылсыз олтуруу ден соолукка зыян экенин жакшы билет.

Өктөмкан Абдылдаева – Алай районундагы “Эне назары ” коомунун төрайымы: – Иштебей отура албайм. Бул кезде адам депрессия болуп калышыбыз мүмкүн да. Дайыма акыл иштеп, кыймыл аракет болуп турса жакшы экен. Карыган сайын тескерисинче көбүрөөк кыймылдап туруш керек. Көп жашоо үчүн ушундай аракетткерек экен. Мен ошолорду окуп билип жатам, дайыма интернеттен маалыматтарды көрүп, окуп турам. Менин кесибим укук коргоочу болсо да, медицинанын жакшы билем десем болот. Тынымсыз китеп окуйм. Кудай буйруса бир жерим ооруп, ооруканага жатпаймын. Жүндөн да болушу керек деп ойлоймун. Жүн тыткан сайын башымын ооруганы басылып, жакшы болуп калам энергия алам андан. Жүрөгүм кысылбай калат. Биздин жащтагылар көбү өздөрүн карабай кайтыш болуп кетип жатышпайбы. Депрессия болуп жаткандан көрө эмгектенип алаксыш керек – менин пцихолгиям ошондой да.

Келечекке максаттар чоң. Унутта калган тери кол өнөрчүлүгүн өнүктүрүү. Атайын автоматташтырылган техникаларды алып келип, буюмдарды сапаттуу жасоо жана райондун башка айыл аймактарына да, ушундай кичи ишкердик түрлөрүн жайылтуу. Аны менен бирге жумушсуз олтурган айымдарга да колдоо көрсөтүү. Бул максаттарга карай Өктөмкан айым дагы  аракет кылып, иш жүзүнө ашырууга ишеними чоң. Ал үчүн “Демге-дем” медиа борбору тарабынан өткөрүлгөн окутуулар мыкты жыйынтыгын берип, айымдардын социалдык тармактар аркылуу өз товарларын кантип жайылтуу керектигин өздөштүрө башташты. Ага ылайык кардарлар alay_beldemchi адреси аркылуу инстаграм баракчасына кирип, же 0776281423 уюлдук телефондору аркылуу байланышып, буюртма берсе болот.

«Бул макала «Элеттик аялдардын экономикалык мүмкүнчүлүгүн жогорулатуу максатында журналисттер менен аялдардын биригүүсү» долбоорунун алкагында Кыргыз Республикасындагы АКШ Элчилигинин Демократиялык Комиссиясынын каржылык колдоосу менен даярдалган. Бул жерде келтирилген сунуштар, корутундуулар жана пикирлер, авторлордун оюн гана билдирет. АКШ мамлекеттик департаментинин көз карашына дал келбеши мүмкүн»

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген