“Алайкуу – фестивалындагы” түнкү таланттар… Фоторепортаж

“Алайкуу – 2019” II этно-фестивалы 7-8-июнь күндөрү өттү. Алайкууга барган коноктор кымыздан ичип, куурдактан жеп, түнү менен от жагып, жергиликтүү таланттардын ыр-күүлөрүнө күбө болушту. Коноктордун катарын туристтер баш болгон, туристтик компаниялардын, бей өкмөт уюмдардын өкүлдөрү, жергиликтүү бийликтин жетекчилери жана өнөр адамдары толукташты.

Жергиликтүү таланттар комуз менен күү чертип, аккордеондо созолонто ырдашты. Коноктор да калышпай, кошулуп ырдап жатышты. Төкмө акындар Алайкууну даңктап, бийлик өкүлдөрү менен журналисттерди “чымчып” ырдап атышып, өздөрүнүн “акысын таап” алышты.

Ош облусунун жетекчиси Узарбек Жылкыбаев “Сүрөткө азыраак тартсын”,-деп айттыртып атып, ал да шаңдуу отурду.

Негизи фестивалды “Алайку Органикс” уюму, “Кыргыз Экотуризм” туроператорлор ассоциациясы жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү уюштурду.

Сүрөттөр сүйлөйт:

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген