Алайдагы 44 памирлик кыргызга паспорт берилди

Улуу Памир жана Кичи Памирден көчүрүлүп келип, учурда Алай районунун Талды-Суу айылында жашап жаткан Памирлик  кыргыздарга паспорт берилди. Жалпы 44 жаранга ички жарандык паспортторун Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жарасул Абдураимов тапшырды.

Мындан сырткары, Ош облусунун башчысы тарабынан азык-түлүк берилди. Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жарасул Абдураимовдун айтымында, эми Памирлик кыргыздардын жаш балдарына туулгандыгы тууралуу күбөлүк берилет.

“Эми жаш балдарына күбөлүк беребиз. Мындан сырткары, Памирден келген туугандарыбызды жумуш менен камсыз кылуу пландалууда. Негизинен Талды-Суу айылында жашап жаткан Памирлик кыргыздарга баардык шарттарды түзүп берүү иштери алгылыктуу жүрүп жатат деп ойлойм”, – деди Жарасул Абдураимов.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.