Алайда жол кырсыгы катталып, бир адам каза тапты

Алайда автоунаа бир нече жолу оодарылып, жүргүнчү окуя болгон жерде каза болду. Бул тууралуу Ош облустук ЖКККнын өкүлү Алтынбек Теңизбаев билдирди.

22-ноябрда саат  10:30 чамаларында Ош—Эркеч-Там авто жолунун 143-чакырымында болгон. Анда  Ош багыты боюнча бара жаткан, ” Хонда Степвагон” автоунаасы  Гүлчө  дарыясынын жээгине чыгып, оодарылып кеткен.

Натыйжада унаанын алдыңкы олтургучундагы жүргүнчүсү Сары-Могол айылынын 1982-жылкы тургуну А. Ж алган жараатынан улам окуя болгон жерде каза болгон.

Учурда алдын ала текшерүү иштери Алай РИИБ тарабынан жүргүзүлүүдө.

 

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген