Алайда жер титиреди

Бүгүн, 5-январда таңкы саат беште эпицентрде күчү 4 баллга жеткен жер титирөө каталды. Алдын ала маалыматтар боюнча кыйрлоолор жок, – деп билдирди ӨКМ.

Жер титирөөнүн очогу Алай кырка тоосунда: Нура айылынан 83 чакырым түштүк-батышка, Ош шаарынан 112 чакырым түштүк-чыгышка карай жайгашкан.

Жер титирөөнүн интенсивдүүлүгү Бар-Дөбө, Сары-Могол,Талды-Суу айылдарында 2,5 баллга сезилген.

 “Алдын ала алынган маалымат боюнча жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок”, – деп тактап өтүштү ӨКМден.

Ушуну менен акыркы бир аптада Крыгызстандын түштүк аймагында үч жолу жер титирөө катталды.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген