Алайда жер титиреди

Бүгүн,  26-ноябрь күнү саат 05:18де Ош облусунун аймагында  күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди. 

Жер титирөө Алай районунун Көк-Суу айылында 4,5 баллга, Эркештам, Нура айылдарында 4 баллга жана Кара-Киндик айылында 3 баллга чейин сезилген.

Алдын ала маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген