Алайда тургундар айыл өкмөттүн иштен кетүүсүн талап кылышууда

Ош облусуна караштуу Алай районунун Ленин айыл аймагынын тургундары аталган айыл өкмөттүн башчысын иштен кетирүүнү талап кылышууда.

Азыркы учурда айыл эли нааразы болуп, элдик жыйын өткөрүп жатышат. Алардын айтымында, Согонду айылында жакында мыйзамсыз көмүр кени иштеп баштайт. Ал үчүн элдин макулдугу алынган эмес.

“Эгерде көмүр кени иштеп баштаса, андан чыккан зыяндуу калдыктар айыл эли ичкен таза сууга кошулат. Биз чалгындоо иштерине дагы макулдугубузду бербейбиз”,- дешти тургундар.

Ал эми аталган айыл аймактын башчысынын айтымында, аны жумуштан эл кетире албайт.

Белгилей кетсек, Согонду айылында 3 миңге жакын калк жашайт.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген