Алайда дайынсыз жоголгон аялдын кийимдери суу жээгинен табылды

Ош облусунун Алай районундагы Гүлчө айылынын 71 жаштагы Ү.Б. аттуу тургуну 12-январь күнү үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз жоголгон. Жергиликтүү тургундар өз алдынча издөө иштерин жүргүзүшүп, аялдын кийимдерин Гүлчө суусунун жээгинен табышты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

“Милиция кызматкерлери издөө иштерине көмөк көрсөтүү үчүн жардам сурап кайрылышкан. 13-январь күнү издөө иштерине Алай райондук куткаруучу кызматынан беш адам, милициянын 10 кызматкери, жергиликтүү тургундардан 20 адам тартылып, саат 17:10до издөө иштери убактылуу токтотулган. Издөө иштери улантылууда”, – деп айтылат маалыматта.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.