Алайда билим алып жаткан памирлик кыргыздар үчүн окуу китептери бөлүндү

Алай районуна көчүп келип, Харыбек Алимсеитов мектебинде сабатсыздыгын жоюп жаткан памирлик кыргыздар үчүн окуу китептери тапшырылды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, “Аркус” жана “Кутаалам” басмаканасы этникалык кыргыздар үчүн 50 даана “Алиппе”, 50 даана “Мекен таануу”, 40 даана “Математика”, кыргыз жана орус тилиндеги 8 китептен турган 10 комплект, кыргыз тилиндеги 10 комплект жомок жана 30 наамдагы 120 даана көркөм китептерди Алай райондук билим берүү бөлүмүнүн башкы эсепчисине тапшырды.

Учурда Сары-Могол айыл өкмөтүндөгү мектепте 36 этникалык кыргыз билим алууда.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген