Алайда бала бакча курулуп пайдаланууга берилди. Видео

Алай районунун Талды-Суу аймагынын Арча-Булак айылында жаңы бала бакча ачылды. Элүү орунга ылайыкташып, заманбап шартта курулган.

Жалпы 10 миллион сом каражат жумшалып, айыл аймактын өздүк бюджетинен каржыланган.

Ачылуу аземге Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаев, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты.

Айыл түптөлгөндөн бери Арча-Булакта бала бакча болгон эмес. Бөбөктөр үйдө тарбияланып келишкен. Мындан улам, бала бакча куруу иши 2016-жылы баштылып эки жылда бүткөрүлгөн.

 

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген