Алайда “апрелчилер” 150 түп ак кайың экти

Бүгүн Алай районунун Гүлчө айылында 7-апрель – Элдик революция күнүн белгилешти. “Апрелчилер” Ош-Сары-Таш-Эркештам унаа жолунун жээгине 150 түп ак кайың эгишти.

Бак-дарак отургузууну райондук бийлик “Таза жашоо” акциясынын алкагында демилгелеген.

Мындан сырткары Апрель революциясында көз жумган баатырлар эскерилди. Райондогу “апрелчилерге” болсо сый тамак уюштурулду.

Апрель революциясына Алай районунан 180 адам катышкан. Алардын отуз үчү “Апрель революциясынын баатыры” наамына татыган.

Бул маалыматты “Сорос-Кыргызстан” фондунун редакциялар аралык тажрыйба алмашуу долбоорунун катышуучусу, Ысык-Көл мамлекеттик телерадиокомпаниясынын кабарчысы Адилет Иманов даярдады. 

Жооп калтыруу

Пикир калтыруу

avatar