Алайда аң улоого чыгып кеткен адамды алты күндөн бери издеп жатышат

Алай районунун Будалык айылынын тургуну Д. Матишовду 28-январдан бери издешүүдө. Ал мындан алты күн мурун мергенчиликке чыгып кеткен боюнча дайынсыз. Азыркы тапта 160дөн ашуун адам издөө иштерине тартылды.

“Дайынсыз болуп жаткан мергенчи мындан алты күн мурун үй-бүлөсү менен байланышкан. Андан кийин дайынсыз болуп, анын үй-бүлөсү куткаруучуларга кайрылышты. Издөө иштерине алгач куткаруу кызматкерлери тартылып, дайыны жоктугунан 20га жакын күч кызматкерлери да жардамга чакырылды. Мындан сырткары кошуна айылдын тургундары да издеп жатышат“, – деди Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен.

Издөө иштери бүгүн да улантылууда.

Сүрөт: Спутник

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген