Алайда 500 адам ден соолук марафонуна катышып жатат

Алай районунун Гүлчө айылында 500 адамдын катышуусунда марафон өтүп жатат. Иш чарага 25 жаштан 70 жашка чейинки тургундар катышууда.  Алар 500, 1000 жана 1500 метрге аралыкка чуркашты. 

Спорттук иш чара 7-апрель – Буткүл дүйнөлүк ден соолук күнүнө карата уюштурулган. Чуркоодон сырткары ордо, аркан тартыш сыяктуу улуттук оюндар боюнча мелдештер өтөт.

“Марафонду 10 жылдан бери салт катары өткөрүп келебиз. Алдыңкы орунду алгандарга сыйлыктар да берилет. Мунун менен элди сергек жашоого үндөөнү максат кылганбыз”, – дешет уюштуруучулар.

1948-жылы 7-апрелде Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму түзүлгөн.  1950-жылдан баштап бул күнү Ден соолук  күнү белгилене баштады.

 

Жооп калтыруу

Пикир калтыруу

avatar