Алай районунда тоо театрларынын 1-республикалык фестивалы өтүүдө

Алымбек датканын 220 жылдыгына, Курманжан датканын 210 жылдыгына жана Алай музыкалуу драма театрынын 75 жылдыгына арналган тоо театрларынын 1-республикалык фестивалы башталды. Бул тууралуу маданият министрлигинин басма сөз кызматынан маалымдашты.

Белгилүү болгондой, фестиваль Ош облусунун Алай районунун Гүлчө айылындагы Т.Ажибаев атындагы музыкалык драма театрынын базасында өтүүдө.

Ачылыш аземине маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Салтанат Аманова катышып, куттуктоо сөзүн сүйлөдү.

Ал өз сөзүндө тоо театрларынын фестивалы алардын ортосундагы тажрыйба алмашууга багытталганын белгилеп, салттуу түрдө аны башка региондордо өткөрүүнү пландап жатканын белгиледи. Ал кошумчалагандай, мындай достук мамилени чыңдоо жана профессионалдуу театр өнөрүн региондорго тартуу маданият министрлигинин артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп саналат.

Фестиваль тарыхый инсандардын жана тоолордогу профессионал театрдын мааракесине арналган. Максаты – улуу инсандардын атын келечек муунга калтыруу жана бул иш -чараны салтка айлантуу.

Жалпы элге маданий жана билим берүү мүмкүнчүлүгүн берүү, жаркын маанай түзүү, искусство жаатында театр артисттери менен айыл коомчулугунун байланышын түзүү, алардын руханий байлыгын арттыруу, чыгармачылык активдүүлүктү жандандыруу максатын көздөгөн фестиваль, жергиликтүү тургундар тарабынан жылуу кабыл алынды.

Фестиваль драма театрларынын жамааттарынын парады менен башталып, концерттик программа жана спектакль менен уланды.

Иш -чара маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги Алай райондук мамлекеттик администрациясы жана Токтогул Ажибаев атындагы Алай музыкалык драма театры менен биргеликте уюштурулду.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.