Алай районунда сел жүрдү

Алай районунда кечээ, 1-июль күнү, сел жүрдү. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Ага ылайык, саат 19:00 чамасында Ош облусунун Алай районундагы Гүлчө айыл аймагында жааган жаандын кесепетинен коктулардан келген сел суулары Курманжан-Датка айылында жайгашкан 6 турак үйдүн короолорун каптаган.

ӨКМдин куткаруучулары тарабынан жүргүзүлгөн тазалоо иштери толугу менен саат 20:45те бүткөн.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.