Алай районунда Абадан коргонуу күчтөрүнүн тик учагы кулады

Алай районунда МИ-8 үлгүсүндөгү Абадан коргонуу күчтөрүнүн тик учагы кулады. Бул тууралуу «24.kg» агенттиги жазып чыкты.

Маалымат боюнча тик учак кулаганы жөнүндө басылмага өздүк булактар ​​кабарлаган.

Агенттик маалымдагандай, чек ара аймагындагы окуя болгон жерге Абадан коргонуу күчтөрүнүн тик учагы бара жаткандыгы такталды. Алдын ала маалыматтар боюнча, учурда төрт жабырлануучу бар.

«Бортто жалпысынан 15 адам болгон. Учурда төрт гана жабырлануучу табылды, аларга жардам көрсөтүлүп жатат », – деп билдирди редакция.

Коргоо министрлигинин басма сөз кызматы комментарий алуу үчүн жеткиликсиз болуп жатат деп белгиленүүдө.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.