Алай районуна памирлик кыргыздар үчүн үйлөр курула баштады

Алай районуна караштуу Талды-Суу айылында памирлик кыргыздар үчүн 7 үйдүн курулушу башталды. Бул тууралуу өкмөттүн Оштогу өкүлчүлүгү билдирди.

Бүгүн, 21-майда өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаев Алай районунун Талды-Суу айыл өкмөтүнүн Талды-Суу айылында памирлик кыргыздарга деген үйлөрдүн курулушун баштоо иш-чарасына катышты.

“Өкмөттүн өкүлү Узарбек Жылкыбаев памирлик кыргыздардан кабар алып, азык-түлүктөрдү берди”,-деп айтылат маалыматта.

Аталган курулушка республикалык бюджеттен 10 миллион сом каражат бөлүнүп, 1,2 гектар аянтка 7 үй курулаары маалым болду. Курулушу бүткөн үйлөргө Нарын облусундагы памирлик кыргыздар көчүрүп келинет.

Ооганстандан көчүрүлүп келген 11 үй-бүлө учурда Сары-Могол айылындагы мектептин имаратында жашап жатышат. Алар Кыргызстанга 2019-жылы келишкен.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген