Алай менен Чоң-Алайда жарандардын коопсуздугу боюнча комплекстүү чаралар көрүлүүдө

Өзгөчө кырдаалдын алкагында Ош облусунун Алай жана Чоң-Алай райондук ишки иштер бөлүмдөрүнүн өздүк курамы жарандардын коопсуздугун камсыздоо боюнча комплекстүү чараларды ишке ашыруу максатында күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөшүүдө. Азыркы учурда эки райондун аймагында санитардык-карантиндик посттор орнотулуп, коронавирус илдетинин жайылышына бөгөт коюу жана күрөшүү багытында алдын алуу чаралары уюштурулууда. 

Чоң-Алай районунун аймагына кирүү жолунда карантиндик-санитардык посту орнотулуп, анда милиция кызматкерлери, медицина кызматкерлери, ӨКМ, санитардык-эпидемиологиялык кызматы, райондук мамлекеттик администрациядан жана элдик кошуун иш алып барып жатат. Райондук ИИОнун өздүк курамы толугу менен күчөтүлгөн тартипте күнү- түнү кызмат өтөшүүдө.

Райондун 6 айылында жергиликтүү тургундардан турган кошумча посттор орнотулуп, ар бирине көзөмөлдөө максатында жергиликтүү аймактык ыйгарым укуктуу милиция кызматкерлери бекитилди.

Ал эми Алай районунун Гүлчө айылынан кире беришинде санитардык-карантиндик постунда жергиликтүү милиция кызматкерлери, аскер кызматчылары, санитардык-эпидемиялык кызматы, ӨКМнын кызматкерлери күнү-түнү күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөшүүдө. Кирип, чыгуучу автоунааларды дезинфекциялоо жүргүзүлүүдө.

Алай районунун Будалык, Сопу-Коргон, Күнгөй, Кол-Чаты айылдарында жергиликтүү тургундардын демилгеси менен кошумча посттор уюштурулуп, автоунаанын жүрүүсү чектелди.

Алай жана Чоң-Алай райондорунда жайгашкан обсервациялалык пункттарында коомдук коопсуздукту камсыздоого милиция кызматкерлери кызмат өтөшүүдө. Алар зарыл болгон бардык атайын коргонуучу кийимдер, беткаптар, кол каптар жана антисептиктер менен камсыздалган.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.