“Алай” футболдук клубу украиналык коргоочу менен келишим түздү

“Алай” футболдук клубу 25 жаштагы украиналык коргоочу Кирилл Процишин менен келишим түздү. Бул тууралуу “Алайдын” басма сөз кызматы кабарлады.

Кирилл Процишин акыркы жолу Крымдын “Кызылташ” жана Жаңы Каховканын “Энергия” командаларында ойногон.

Коргоочу Грузиянын “Сабуртало” командасы менен болгон жолдоштук беттеште атаандаштардын дарбазасына гол киргизүүгө жетишти.

Кирилл Процишин 1995-жылы 22-февралда Украинаны Харцызк шаарында төрөлгөн.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген