“Алай” АФК Кубогундагы акыркы оюнун да ийгиликсиз өткөрдү. Фоторепортаж

  Оштун “Алай”  командасы АФК Кубогунун тайпадагы акыркы оюнунда Түркмөнстандын “Ахалын” тосуп алды. Чечүүчү мааниге ээ эмес бул беттеште оштуктар күйөрмандар үчүн мыкты оюн көрсөтүүнү убадалаган. Бирок “Алай” алтынчы беттешти да жеңилүү ызаасы менен жыйынтыктады. 

Беттешти алгач ийгиликтүү баштаган оштуктар 17-мүнөттө эсепти ачып, алдыга чыкты. Голду пенальтиден “Алай” чабуулчусу Алиа Силла киргизди.  Андан аз өтпөй 23-мүнөттө өлкө чемпиондору “Ахал” дарбазасына 2-топту жолдошту, ал учурда дагы бир африкалык легионер Кожо Жоэл өзгөчөлөндү.

Ал эми 1-бөлүм аяктарда “Алай” коргоочулары айыптык ичинде оюн эрежесин бузгандыгы үчүн коноктор 11-метрлик айып тобун тебүүгө укук алды. Топту 7-номурдагы коргоочу Койчумурат Аннагулуев таамай тээп, эсепти кыскартты. Ошентип командалар  тыныгууга  2:1  эсебинде “Алай” пайдасына чыгып кетишти.

Экинчи бөлүмдүн 66-мүнөтүндө бурчтук топтон “Ахал” эсепти теңеп койсо, оюндун аяктарына аз калганда түрмөнстандыктар дагы бир  ирет пенальти тебүү укугуна ээ болду. Коноктор гол киргизип, 3 упайды алып кетти.

Ошентип, ушул жылкы АФК кубогундагы 6 оюндун баарында Оштун “Алай” командасы утулуп, бир да упай ала алган жок.

Эске салсак, “Алай” АФК кубогунун тайпалык баскычында D тобунда Тажикстандын “Истиклол”, Түркмөнстандын “Алтын Асыр” жана “Ахал” командалары менен ойноду.  Кечээ, “Истиклол” менен “Алтын Асыр” Түркмөнстанда беттешип, “Алтын Асыр” тайпадан чыгып, кийинки баскычка жолдомо алды.

Азия футбол конфедерациясы – Азия чөлкөмүндө маанилүүлүгү боюнча экинчи турган клубдар аралык турнир.

Сүрөт: Заир Абдукеримов

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген