Ала качуу салт эмес…

Жашоомдо эң жаман көргөн, жиним келген жана мен уялган нерсе, кыздарды ала качуу. Ала качууга түп оту менен каршымын. Анткени, бул мен үчүн, кыз менен сүйлөшө албаган, колунан эч нерсе келбеген, алсыз, кызга тике карап сүйлөй албаган эркектин иши деп билем. Ооба, бул сөздөрүмө мага, бул салтта, илгери ата-энелерибиз ушинтип эле турмуш курган, мына, биз деле сонун эле жашап келе жатабыз деп, жиниңер келиши толук мүмкүн.

Эми ар бирөөнө жооп:

«Ала качуу салт»,-дегендерге, урматтууларым, кыргызда эч качан мындай салт болгон эмес. Ала качуу деген сөз, эки жаш бирин-бири сүйүп, бири-биринен ажырагыс болуп, бири-бири үчүн жан берүүгө даяр болушса, ата-энеси кудалаган  башка бирөө болсо, жигит же кыздын башы бирөөнө байланган болсо, уруу менен уруунун ортосунда келишпестик болсо, жигит кызга калыңын төлөй албаса жана ушул өңдүү маселелер болгондо, кыз менен жигит бирге башка айылга, башка элге же башка аймакка качууга мажбур болушуп качышканда “ала качыптыр”,-деп айтылган. Колго түшсө, кандай жаза аларын билишкен. Мунун жазасы бир гана “өлүм” болгон. Буга көптөгөн чыгармалар далил. Боомдогу “Кыз Күйө” деген аталыш сүйүшкөндөр качып, ошол жерден жазага тартылгандыгы үчүн аталып калса, “Олжобай менен Кишимжан” чыгармасы ушундай маселеден пайда болгон.

Бул жазганымды окуп, ата баба салтын жаман көрүп калышыңыз мүмкүн, бирок ошол маалда мезгил талабы, адамзат жашоосу, шарты ушундай болгон. Буга Европа, Америкадагы, кара терилүүлөр, керек болсо ак терилүүлөр менен бирге басканга укугу жок эле, заман өзгөрүп, жер жаңырып, адамзат алмашып баардык нерсе өзгөрүп, шартка туураланды.

А, азыркыдай илгери уурдоо биз айтып жүргөндөй ала качуу, бул кыргызда «олжолоп кетүү» деп аталган. «Олжолоп кетүү» – бул басынтуу, теңсинбөө жана үстөмдүк катарында болгон.  Бул 1700-жылдын аяктарында да болуп келген.

Мурун ата бабаларыбыз кыздарын, уулдарын куда түшүү, сөйкө салуу, сый урмат көргөзүү менен алышкан жана узатышкан.  Баары эле кыйноо жол менен турмушка берилген эмес. Таанышып, сүйлөшүп, сүйүшүп турмуш кургандар көп болгон. Алар үчүн атайы, таанышуу шарттары катары оюндарды жаратышкан.

Маселен “Сармерден” кыз жигитти жакындан тааныштырып, ким кандай өнөргө ээ экенин көргөзүп, маңдайдагы кыздардан же жигиттерден өздөрүнө татыктуусун издешкен. Бул жерде жеңелер институту болгон, жеңелери кайын сиңдилерин оюн зоокко катыштырып, жандап жүрүп, кыз жигиттерди тааныштырууда ортомчу жана кыз үчүн кароолу болгон.

“Жоолук таштамай” оюну болсо, ойноп жаткан жаштар, жолукту өзүнө жаккан кызга же жигитке таштап, жоолуктун ташталышы менен өз сезимин билгизген. Себеби, эч ким ачык айта алган эмес.

“Ак Чөлмөк” оюну эки экиден жакындан ээнирээк жерде таанышууга шарт түзгөн.

“Алты Баканды” болсо кыз жигиттер эки тарап болуп тебишкен. Көбүнчө кыз менен жигит гана тээп, көздөрүнөн бири-бирине болгон сезимдерин билгизген. Мындай, маңдай тескей тиктешүү ал убакта башка жерден шарт болгон эмес. Бул өңдүү оюн зооктор ай сайын өтүп турган. Мына оюндарда катылган философия. Бул кыскартып жазганым, убактысы келсе баарына кенен токтолом.

Ал эми ала качып келип, турмуш куруп калган улуу муун жана ата-энелерибиз тууралу ой. Ооба, менин ата энем да, ала качуу жолу менен турмуш курган, кудайга шүгүр бактылуу өмүр сүрүп, бирге жашоонун оош кыйышын, оң тетирин көрүшүп, бизди эрезеге жеткиришти. Бирок, азыркыдай тааныбай туруп, көзүнө жакканын алып баса беришкен эмес. Бул жерде да “жеңе институту” иштеп, өз сиңдилерин (тууган урук же айылдаштарынан) сунуштап, ортого түшүп кыз-жигитти тааныштырып, кыз менен бал

а пикири, көз карашы келишкенде, бала тараптан кыздын ата энесине “кулдук уруп” барып, кыздын колун сурап, андан соң ата эненин уруксааты менен кызды ала качуу жолу менен алып кетишкен. Ал маалда, намыс, уят деген күч болуп, кыздар мени ал деп же күйөөгө, жигит менен  айта алышкан эмес. Бул да ошол замандын шарты, талабы болгон.

Муну жаман көрбөй же мактабай, ошол замандын талабы деп кароо туура болот.

Өткөндү өз шарты талабы деп карасак, азыркы коом, жашоо, дүйнө түп тамырынан өзгөргөн. “Элүү жылда эл, жүз жылда жер жаңы”,-дегендей биз жаңы доордун, жаңы ааламдын, жаңы дүйнөнүн, 21 кылымдын адамдарыбыз. Албетте, ала качып келип, бактылуу жашап калгандар абдан көп, бирок булар канчалаган кыйынчылыкты башынан өткөргөнүн, алардан башка бир жан сезе албайт.

Ала качуу, бир адамдын укугун жерге тебелеп, тандоосун талкалап, жокко чыгарып, анын оюу менен эсептешпей зулумдук, зөөкүрлүк көрсөтүү. Мындай наадандыкты мен душманга да каалабас элем.

Заман тууралуу кеп кылсам, азыр адамдардын түшүнүгү, аң сезими, ой жүгүртүүсү, жашоо образы, мен өйдөдө жазган эки доордон алда канча башка. Азыр – ачык ойлор, эркин жүрүү, тандоо эркиндиги бар заман, ушул заманда ала качуу болуп жатканы мени ойлондурбай койбойт. Себеби бул нерсе бирөөнүн жашоосун талкалоо! Ар бир адам тандоого укуктуу экенин унутуу!

 

Макаланын автору: Улан Усөйүн
Материал «Айкын багыт» коомдук фонду тарабынан даярдалган «Ой жигит» журналынан алынды

Фото: «Ала-качуу» мини тасмасынан алынган кадр

Материал БУУнун өнүктүрүү программасынын колдоосунда “Айкын багыт” коомдук фондунун “Гендердик зомбулук маселелерин чагылдырууда инновациялык медиа форматтар” долбоору менен өнөктөштүктө даярдалды.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген