Ала-Букада желим баштыктарды кайра иштетүүчү завод ишке кирди

Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда полиэтиленди кайра иштетүүчү завод ишке кирди. Анда таштандыга ыргытылган баштыктарды чогултуп, ар түрдүү диаметрдеги суу түтүктөрү жасалат.

Бул цехтин ишке киргени айыл тургундары үчүн пайдалуу болгон. Анткени буга чейин полиэтилен башчыкчалары көчөлөрдө, арыктарда жата берчү. Эми аны жергиликтүүлөр  чогултуп, киллограмын 25 сомдон заводго өткөрүшөт.

“Чогултуп капка салып жыйып койобуз, 25 сомдон алып кетет. Ушул деле пайда да. Элге да пайда, таалага да  пайда“, – деди  Ала-Бука районунун тургуну Кубанычбек Тойчиев.

Заводдун ишке кириши менен жергиликтүүлөр үчүн жумуш орундары да түзүлдү. Азыркы учурда цехтин өзүндө 8 адам эмгектенет. Ал эми сырттан полиэтилен баштыкчаларын ташып келүүчү жана даяр болгон суу түтүктөрүн сатуучулар бар. Ошентип жалпы 20 адам жумуш менен камсыз болгон.

Жооп калтыруу

Пикир калтыруу

avatar
wpDiscuz