Ала-Букада турак үйдөн өрт чыкты

Кечээ, 21-май күнү саат 22:31 чамасында Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы Ала-Бука айылында турак үйдөн өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, өрттүн кесепетинен турак үйдүн 36 чарчы метр пластик шыбы, 2 даана эшик, 2 даана терезе жана үй буюмдары күйгөн.

Учурда өрттүн келип чыгуу себептери такталууда.

Алай районуна памирлик кыргыздар үчүн үйлөр курула баштады

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген