Ала-Букада багбандар тамчылатып сугаруу ыкмасына өтүштү

Ала-Бука районунун көпчүлүк талааларына сугат суунун тартыштыгынан эгин эгүү кыйынчылык жаратат. Ошондуктан багбандар менен дыйкандар тамчылатып суугаруу системасын колго алышты.

Жаңы ыкма суу кампа куруу менен ишке ашты. Ал үчүн талаанын башына контейнер орнотуп, дыйкан, багбандар суу жеткирүүчү унаа менен толтуруп турушат. Жетиштирилген мөмөлөрдү 3-4 жылдан кийин сыртка экспорттоону пландап жатышат.

Ала-Бука районунда жалпы алты сай бар. Бирок сугат жана ичүүчү суунун жетишсиздиги жогору. Жалпысынан 60 пайыз гана эл жана талаа суу менен толук камсыз болгон. Сууга болгон муктаждыкты ирригациялык каналдарды куруу жолу менен чечүү жагы каралууда.

Жооп калтыруу

Пикир калтыруу

avatar
wpDiscuz