Ала-Букада 4 миллион сомго асфальтталган жол бузулду

Ала-Бука районунун Ак-Тайлак айылын аралып өткөн жолдун 700 метрине асфальт басылган. Ага райондук өнүктүрүү фондунан каражат бөлүнүп, 2016-жылы бүткөрүлгөн. Бирок жыл айланбай  2017-жылы эле жол бузула баштаган.        

Бир жылга жетпей  жаңыдан салынган жолдо чуңкурлар пайда болгон. Тургундар чөгүп кеткен жерлерге майда таштарды, топурак аралаштырып толтуруп коюшкан.

“Бул асфальт эми жараксыз болдуда. Бир жылга да жетпеди. Бузулуп, оюлуп мурдагы жердей болуп эле чаңып жатат”-дейт айыл тургуну Буажар Мойдунова.

Жергиликтүү бийлик  күнөөнү жолду курган фирмага жүктөөдө. Алардын айтуусунда жолдун кепилдик мөөнөтү 3 жыл. Мындан улам аны талапка жооп бергендей кылып бүткөргөндө гана өткөрүп алышат.

 “Протоколдук тапшырма коюп, айыл өкмөткө милдеттендирдик. Негизи мыйзам боюнча утуп алган ишкана асфальттын сапатына 3 жылга кепилдик бериши керек”- деп билдирди Ала-Бука районунун акиминин орун басары Бектур Сагынбаев.

Ак-Тайлак айылындагы 700 метр жолдун, 150 метрине бир нече ай мурда кайрадан асфальт төшөлгөн. Ал эми калган бөлүгүнө да, ушул жылдын ноябрь айына чейин толук басылаарын район жетекчилиги убада кылууда. Бирок асфальттоо иши азырынча баштала элек.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген