Ала-Бука районунун тургуну өз атасын өлтүрүүгө шектелип кармалды

4-октябрь күнү саат 22:00 чамасында Ала-Бука районунун Достук айылынын тургуну 1969-жылы туулган Т. С. өз үйүндө каза болгон. Ал эртеси күнү “мас болуп өз ажалы менен өлдү” деп айтылып айылдагы  “Жаамий” мазарына  жерге берилген.

Кийинчерээк, Ала-Бука райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери ыкчам иликтөө иштерин жүргүзүү менен анын киши колдуу болгонун аныкташты.  Бул тууралуу  Жалал-Абад ОИИБнын маалымат кызматы билдирди.

Кылмышка шектүү катары, 1999-жылы туулган  маркумдун уулу Рашидбек кармалган. Ал атасынын көкүрөк тарабына 3 жолу бычак сайып өлтүргөн.

“Бул факты боюнча Ала-Бука РИИБнин Тергөө кызматы тарабынан КЖКнын 97-беренеси (адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголуп, кылмышка шектүү уулу тергөө абагына киргизилди жана жасаган ишин толук мойнуна алып көрсөтмө берди”,- деп айтылат маалыматта.

Алгачкы көрсөтмөсүнө ылайык, атасы спирт ичимдигин көп ичкендигин жана ошол күнү да мас болуп үйүндө жаңжал чыгарып баласы экөө уруша кетип бычак менен сайып өлтүргөнүн билдирди.

Каза болгон жараан  үй-бүлөлүү 4 баланын атасы болгон. Учурда тергөө иштери уланууда.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген