Ала-Бука: Өрүктү-Сай айылында аналогдук теле берүүлөр тартпай калды

Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун Өрүктү-Сай айылында 15-майдан аналогдук телеканалдар да тартпай калды. Маалыматка караганда, 1800 калктуу айыл эли буга чейин кошумча аппарат аркылуу спутниктен КТРКны гана көрүп келген.

Азыр айылдын тең жарымында бардык каналдар өчүп калды. Жергиликтүү бийлик кошумча санариптик күчтөндүргүч жабдыгын орнотууга жай бөлүп, имарат курулган.

Азырынча орнотула элек. Кыргызстан боюнча санарип сигналы жетпеген 326 айылдын алтоо Ала-Бука районунда жайгашкан. Анын бири Өрүктү-Сай айылы.

Өкмөт буга чейин сигнал жетпеген айылдарда кошумча санарип жабдыктары коюлганча аналогдук берүүлөр өчпөй турганын билдирген болчу.

Өрүктүсайлыктардын мындай маалыматынан кийин өкмөттүн маалымат кызматы өлкөнүн бир да айылында үзгүлтүк катталбаганын билдирди.

“Аналогдук телевизиондук ретрансляторлордук жабдуулары штаттык режимде иштеп жатат, үзгүлтүккө учуроо же башка көйгөйлөр катталган жок”, – деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, 2017-жылдын 11-майына санариптик берүүгө өтүүгө мүмкүнчүлүгү жок болгон 326 айылдык пункттардын 40 камсыздай турган 9 санариптик автоматтык телевизиондук ретрансляторлор орнотулду. Бул багытта жумуш 2017-жылдын август айына чейин көрсөтүлгөн график боюнча уланат.

Сүрөт: www

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.