Акжол Сулайманбек уулу мартта кезектеги беттешин өткөрөт

Мекендешибиз Акжол Сулайманбек уулу World Boxing Association Asia уюмундагы чемпиондук курун үчүнчү жолу коргойт. Бул жөнундө мушкер өзү “Ынтымакка” кабарлады. 

Акжолдун айтымында, анын кезектеги беттеши 23-мартка белгиленди.Бирок азырынча  атаандашы аныктала элек. Анын каршылашын WBA Asia уюму өзү карап жатат жана жакынкы күндө маалым болот.

Азыр Сулайманбек уулу Орусиянын Екатеринбург шаарында алдыда боло турчу беттешке даярдыктарын баштады. Эске салсак, мекендешибиз WBA Asia чемпиондук курун өткөн жылы 28-апрелде венесуэлалык Леонардо Падилланы утуп, колго киргизген. Ал эми сентябрь айында чемпиондук курун биринчи жолу, 8-декабрда экинчи жолу ийгиликтүү коргоп калган.

Акжол азыр өзүнүн салмагында дүйнөлук рейтингде 64-орунда турса, Азияда 12-катарда.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген