Акжол Махмудов Орусияда мелдешке чыгат

Кыргызстандык балбан Акжол Махмудов Орусияда өтүүчү эл аралык мелдешке катышат. Бул тууралуу Кыргыз өкмөтүнө караштуу жаштар иштери, дене-тарбия жана спорт агенттиги кабарлады. 

Аталган мелдеш Орусиянын Новокузнецск шаарында болуп, ага Кыргызстандан жалпы 10 спортчу барат. Ал эми Махмудов үчүн бул турнир жаракатынан кийинки алгачкы мелдеш.

Эске салсак, ал өткөн жылдын февраль айында тизесинен жаракат алып, Германияда операция болгон  жана бир дагы мелдешке катышкан эмес.

Эл аралык мелдеш  14-15-16-февраль күндөрү олимпиаданын чемпиону жана СССРдин спорт чебери Валентин Олейниктин элесине арналып  өткөрүлөт.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген