Акжол Махмудов күрөш боюнча дүйнө чемпионатына барбайт

Грек-рим күрөшү боюнча 77 кг салмактагы балбан Акжол Махмудов 2-10-октябрь күндөрү Норвегиянын борбору Осло шаарында өтө турган күрөш боюнча дүйнө чемпионатына барбайт. Бул тууралуу спортчунун машыктыруучусу Азат Эркимбаев ММКларга билдирди.

Машыктыруучунун айтымында, Акжол Махмудовдун салмагында күрөшкөн көп балбандар бар. Ошол эле Кайрат Түгөлбаев. Быйылкы Азия чемпиондугунда коло медаль алган Талантбек Акылбеков жана башкалар.

“Алардын баары өз-өзүнчө мелдештерге алдын ала бөлүнгөн. Бирөө Азия чемпиондугунда күрөшсө, бирөө Олимпиадада күрөштү. Ал эми башкалары Дүйнө чемпиондугуна катышат. Андыктан Акжол Махмудов бул жолку дүйнө чемпиондугуна катышпайт”, – деп билдирди ал.

Ошондой эле Эркимбаев, бул нерсе жалпы машыктыруучулардын биргелешип чыгарган чечими болгонун кошумчалады.

Ошентип, дүйнө чемпиондугуна Кайрат Түгөлбаев бара турган болду.

Мындан сыркары Ослодо өтө турган мелдештерге Кыргызстандан 10 спортчу барат: Нурмухаммет Абдуллаев (55 кг), Жоламан Шаршенбеков (60 кг), Калы Сулайманов (63 кг), Амантур Исмаилов (67 кг), Руслан Царев (72 кг), Кайрат Түгөлбаев (77 кг), Калидин Асыкеев (82 кг), Азат Салидинов (87 кг), Бексултан Махмудов (97 кг), Роман Ким (130 кг) катышат.

Белгилей кетсек, буга чейин кыз-келиндер күрөшүнөн дүйнө чемпионатына Айсулуу Тыныбекова (62 кг), Мээрим Жуманазарова (68 кг) жана Айпери Медет кызы (76 кг) барары айтылган.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.