Акжол Махмудов грек-рим күрөшчүлөрүнүн дүйнөлүк рейтингинде экинчи орунга чыкты

Балбан Акжол Махмудов грек-рим күрөшчүлөрүнүн рейтингинде 77 килограммга чейинки салмакта экинчи орунду ээледи.

Кечээ, 3 -августта кыргызстандык балбан Олимпиада оюндарында күмүш медалга ээ болду. Финалда венгер Тамаш Лоринцке 1: 2 эсебинде утулуп калды.

Махмудовдун күмүш медалы Токиодогу Олимпиада оюндарында Кыргызстан үчүн алгачкысы болду. Ал Кыргызстандын тарыхында Олимпиада оюндарынын финалына чыккан жана күмүш медалга ээ болгон экинчи кыргыз спортчусу болду.

Тамаш Лоринц (финалда Акжол Махмудовду жеңген балбан) дагы деле дүйнөлүк рейтингтин биринчи орунда турат.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.