Акысыз дарыларды саткан медиктерге жаза күчөйт

 Ош шаардык кеңеши бейтапканалардагы абал боюнча токтом кабыл алат. Ал жарандарды акысыз дары-дармек менен камсыздоону жандандырууга багытталган. Буга айрым дарыгерлердин коррупциялашып кеткени себеп болуп жатат. Эгер токтом чыга турган болсо, акысыз дарыларды кымтып калгандар жазага тартылат. Документте иштен четтетүүгө чейинки жоопкерчилик каралган. Азыр аны ишке ашырыш үчүн депутаттык комиссия иликтөөлөрдү башташты. Ал боюнча кабарчыбыз баяндасын.

Ош тургундарын акысыз дары-дармектер менен камсыздоодо көйгөйлөр бар. Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан бөлүнчү медициналык каражаттарды айрым дарыгерлер бейтаптарга сатып жибирген учурлар болот. Буга жарандардын милдеттүү медициналык камсыздоо жөнүндө маалыматынын жетишсиздиги да себеп. Ак халатчандардын пайдаланып калган учурларына бөгөт коюу үчүн жазага тартуу катталдай турган болуп жатат.

Мына бүгүн ушул депутаттардын алдында отчёттордун баарын көрсөтүп, былтыркы 2017-жылкы жыйынтыкты кароо үчүн жалпы отурум уюштурулуп жатат” деп белгиледи Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун Ош аймактык башкармалыгынын башчысы  Максымбек Омокеев.

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу иши стационардык жана амблатордук негизде жүргүзүлөт. ОМС боюнча полиси бар камсыздандырылган жарандарга жеңилдиктер каралган. Беш жашка чейинки балдарга, жетимиш жаштан жогорку пенсия курагындагыларга жана кош бойлуу аялдарга акысыз кызматтар көрсөтүлүшү керек. Деген менен айрым дарыгерлер сол чөнтөккө иштеп, мыйзам бузуп келишет.

-“Көпчүлүк бейтаптар өз укугун билбегендиги үчүн, айрым учурларда дары-дармекке акча алынып, ал квитанция аркылуу эмес биздин айрым дарыгерлердин чөнтөгунө кирип кетип жаткан учурлар катталууда”,-деди Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун Ош аймактык башкармалыгынын башчысынын орун басары Дамира Турсунбекова.

Өткөн жылы мыйзамсыз акча алган дарыгерлердин үстүнөн кат түрүндө 7 арыз түшсө, жаңырган жылдын биринчи айында эле 3 учур катталды. Андан сырткары телефон аркылуу даттануулар күн арада болуп турат дешет адистер. Расмий арыз тиешелүү мекемеден сырткары Ош шаардык кеңешине да келип түшкөн. Анда бейтаптарды тейлөөнүн начардыгы жана  камсыздандыруу толук кандуу жүргүзүлбөйтүгү жазылган.

“Азыр биз Ош шаардык кеңешинин депутаттарынан түшкөн, бейтаптардан жана кызматкерлерден түшкөн арыз, даттанууларды топтоп, тиешелуу тараптарга карата токтом чыгарып беребиз. ошону менен катар эле аларга милдеттенмелерди артабыз”,-деген оюн Ош шаардык кеңешинин депутаты Ашым Осмонов кошумчалады.

Алдыда Ош шаардык кеңешинин депутаттары милдеттүү медициналык камсыздандыруудагы көйгөйлөрдүн үстүнөн иштешет. Маселе эл өкүлдөрүнүн отурумунда каралып, оорукана жетекчилерине милдеттерди коюшмакчы. Кошумчалай кетсек, милдеттуу медициналык камсыздандыруу фонду атайын ишеним телефонун ишке киргизишкен. Ал аркылуу жарандар мыйзамсыз акча талап кылган учурга кабылса, 113 кыска номуру аркылуу маселени жонго сала алышат.

Видео: Аъззам Бузириков

Сүрөт: Кабар

 

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген