Акышев: 3 күндүн ичинде 3 миңдей кыргызстандыкты чет мамлекеттерден алып келебиз

Жарандык авиация агенттиги Орусия, Дубай, Делиден учуп кете албай калган КР жарандарын кайтаруу боюнча иштерди жүргүздү. Бул тууралуу Коронавируска каршы күрөшүү штабынан билдиришти.

Республикалык штаб тарабынан Бишкек жана Ошко чартердик каттамдардын графигин уюштуруу боюнча чечим кабыл алынган, учууларды “Аэрофлот”, “Урал аба каттамдары”, “Fly Dubai” ж.б. ишке ашырат.

Бүгүн кечке чейин дээрлик 12 каттам учуп келет, 22-мартка – 8, 23-мартка 5 же 6 каттам мерчемделди.

“Аталган рейстер менен үч күндө чет өлкөлөрдөн 3000ге жакын КР жаранын алып чыгып кетебиз. Эгерде дагы калып калгандар болсо, биз кошумча каттамдарды уюштурабыз”, – деп билдирди Жарандык авиация агенттигинин директору Курманбек Акышев.

Өгөйлөнгөн мекендештер: бизди алып кеткилечи, оор учурда жакындарыбыз менен болгубуз келет. Видео

Казакстандын учагы казак жарандарын гана алып, кыргызстандыктарды Египетке калтырып кетти

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген