Акыркы төрт жылда Кыргызстанда чакан насыя көлөмү 1,5 эсеге азайды

Кыргызстанда акыркы төрт жылда  чакан насыянын жалпы көлөмү дээрлик бир жарым эсеге  төмөндөгөн. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттин маалыматында айтылат.  Аталган маалыматтарга таянсак, 2016-жылы микронасыянын басымдуу бөлүгү Бишкек шаарында берилген. Ал эми эң аз чакан насыя алгандардын көрсөткүчү Талас облусунда катталган.

Бул маалыматты “Сорос-Кыргызстан” фондунун редакциялар аралык тажрыйба алмашуу долбоорунун катышуучусу, Ысык-Көл облустук мамлекеттик телерадиокомпаниясынын кабарчысы Адилет Иманов даярдады.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген