Акыркы аптада жергиликтүү көмүрдүн тоннасы 340 сомго кымбаттады

Акыркы аптада жергиликтүү көмүрдүн тоннасы 340 сомго же 8,4 пайызга кымбаттады. Мындай маалыматтар Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги тарабынан берилди.

Азыр көмүр тоннасына 4 390 сомдон сатылууда. Акыркы айда бул жергиликтүү көмүрдүн эң жогорку баасы.

Ал эми, импорттук көмүрдүн баасы 1,5 пайызга, же 75 сомго арзандады. Бул бир ай мурдагыдай 4 миң 875 сомду түзөт.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.