Акыркы 50 жылда табигый кырсыктардын саны беш эсеге өстү

Акыркы 50 жылдын ичинде табигый кырсыктардын саны беш эсеге өстү – мындай маалыматтар БУУнун дүйнөлүк метеорологиялык уюму тарабынан берилди.

Алар абалдын мындан ары начарлашын эскертишүүдө.

Климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу аба ырайынын экстремалдуу көрүнүштөрү жогорулоодо, деп айтышат дүйнөлүк синоптиктер.

БУУ өлкөлөрдү мындай жагдайларга даярданууга убакыт коротпоого чакырат. Документте региондогу ар бир мамлекеттин өкмөттөрү көңүл бурушу керек болгон коркунучтар жазылган.

Дүйнөлүк метеорология уюмунунан белгилешкендей, акыркы убакта Европа менен Түндүк Американы каптаган аптаптуу ысыктын толкуну, кургакчылык жана токой өрттөрү барган сайын көбөйө бермекчи.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.