Акылбек Жапаров ОшМУнун профессордук-окутуучулар курамы менен жолугушту

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Ош облусуна жумушчу сапарынын алкагында Ош мамлекеттик университетинин профессордук-окутуучулар курамы менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө Министрлер кабинетинин төрагасы белгилегендей, Кыргыз Республикасындагы билим берүү тутуму реформалоого муктаж.

«2020-жыл билим берүү тутумун кардиналдуу түрдө өзгөрттү. Ааламдашуу, технология дүйнөсүндөгү кечскин секириктер, нано- жана нейро-технологиялар, санарипке өтүү, жашыл экономика – мунун баары санариптештирүү доорунун талабы. Билим берүү тутуму заман талабына жараша жүрүүсү зарыл», – деди Министрлер кабинетинин башчысы.

Ал кошумчалагандай, Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан «Университет 4.0» билим берүү процессин өнүктүрүүнүн концептуалдык моделинин жаңы форматы иштелип чыккан, ал жогорку билим берүүнү өнүктүрүүнүн дүйнөлүк тенденцияларына толук жооп берет.

«Биздин милдетибиз – турмуштун бардык тармактарында күчтүү адистерди даярдай ала турган жогорку билим берүү тутумунун туруктуу ишин камсыз кылуу», – деп жыйынтыктады Акылбек Жапаров.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.