Акылбек Жапаров Ош облусунда жумушчу сапары менен жүрөт

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Ош облусунда жумушчу сапары менен жүрөт.

Акылбек Жапаров жумушчу сапарынын жүрүшүндө Ош мамлекеттик университетине барат жана бир катар өнөр жай объектилерин кыдырып, Ош шаарын өнүктүрүү программасы жана борбордук көчөлөрдөгү транспорттук тыгындарга жол бербөө максатында иштелип чыккан унаа жолдорун куруу долбоору менен таанышат.

Министрлер кабинетинин төрагасы ошондой эле Ош шаарынын тургундарын ичүүчү таза суу менен үзгүлтүксүз камсыздоо боюнча долбоору менен таанышмакчы.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.