Акылбек Жапаров Нурсултан Назарбаев менен жолугушту

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаев менен жолугушту.

Акылбек Жапаров жана Нурсултан Назарбаев эки тараптуу кызматташтыктын бир катар маселелерин талкуулады, өзгөчө басым соода-экономикалык тармактагы маселелерге, атап айтканда, эки өлкө ортосундагы товар жүгүртүүнү кеңейтүү маселесине жасалды.

Нурсултан Назарбаев белгилегендей, биздин өлкөлөр ортосундагы мамилелер бир туугандык жана коңшулук принциптерге таянат.

Жолугушуунун жүрүшүндө Министрлер кабинетинин төрагасы Нурсултан Назарбаевди жана казак элин алдыда турган Казакстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктап, президент Садыр Жапаровдун атынан куттуктоо сөзүн билдирди

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.