Акылбек Жапаров Министрлер кабинетинин төрагасы болду

Улукбек Марипов Министрлер кабинетинин төрагасынын милдеттерин аткаруудан бошотулду. Бул тууралуу жарлыкка президент Садыр Жапаров 12-октябрда кол койду.

Президенттин жарлыгы менен Акылбек Жапаров Министрлер кабинетинин төрагасынын – президенттин администрациясынын жетекчисинин милдетин аткаруучу болуп дайындалды.

Президент Садыр Жапаров “Инстаграм” социалдык тармагындагы расмий баракчасына жаңы дайындалган Министрлер кабинетинин курамы тууралуу билдирүү таратты. Анда ал кабинеттин жаңы төрагасы Акылбек Жапаровдун ар бир кадамын жеке өзү көзөмөлдөй турганын жазган.

“Бул өзгөрүүнүн себеби тууралуу суроо жаралууда. Ар бир мамлекеттин башкы көйгөйү – казынаны толтуруу. Казына толсо элдин жашоосу оңолот, пенсия, маяна көбөйөт, инфратүзүм жакшырат. Ошондо гана күчтүү мамлекет болобуз. Биз Акылбек Жапаров менен макулдаштык, ал бул жылдын бюджетин 280 миллиард сом менен жаап, келерки жылы 400 миллиард сомго жеткирем деп сөз берди. Эгер муну аткарбаса, чара көрөм. Аны сындабай, иштөөсүнө убакыт берели. Мурдагы ишмердигин сындаган атуулдарга айтаарым, Жапаровдун ар бир кадамы менин жеке көзөмөлүмдө болот”, – деп жазган.

Мамлекет башчынын дагы бир жарлыгы менен Министрлер кабинетинин азыркы курамы кызматтан кетти. Кабинет мүчөлөрүнүн кызмат ордун ээлеген адамдар жаңы курам түзүлгөнчө өз милдеттерин аткарууну улантат.

11-октябрда президент Садыр Жапаров Министрлер кабинети жөнүндөгү мыйзамга кол койгон. Ага ылайык өкмөттүн курамы жана түзүлүшү өзгөрөт.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.