Акылбек Жапаров Экономика жана финансы министри болуп дайындалды

Акылбек Жапаров Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – экономика жана финансы министри болуп дайындалды. Бул тууралуу өлкө башчысынын маалымат кызматынан билдиришти.

Анда маалымдалгандай, президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, 2021-жылдын 11-апрелинде референдум аркылуу кабыл алынган “Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 4-беренесинин негизинде, Жапаров Акылбек Үсөнбекович Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – экономика жана финансы министри болуп дайындалды.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.