Акылбек Жапаров доллардан баш тартып, рублга өтүүнү сунуштады

“Бизге доллар түрүндөгү ортомчулардын кереги жок”,-деди экономика жана каржы министри Акылбек Жапаров бүгүн Ысык-Көлдө өтүп жаткан III кыргыз-орус бизнес форумунда.

Жапаров соода кылганда доллар менен эсептөөдөн баш тартууга жана рублга өтүүгө үндөдү.

«Бүгүн эл аралык жолугушуулардын негизги атрибуттарынын бири болгон котормочулардын кабинасы жок. Бул Орусия менен Кыргызстанга котормочулардын кереги жоктугунан кабар берет. Биз бир эле тилде сүйлөйбүз. Анда эмне үчүн биз соодада өз ара эсептешүүлөр үчүн доллар түрүндөгү ортомчуну колдонобуз? Мен доллардык төлөмдөрдөн баш тартып, рублга өтүүнү сунуштайм ”, – деди Акылбек Жапаров.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.