Акылбек Жапаров Бишкек ЖЭБ насостук станциясында көчмө жыйын өткөрдү

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Бишкек шаардык ЖЭБдеги үстүбүздөгү жылдын 25-декабрында суу түтүгү жарылган насостук станцияда көчмө жыйын өткөрдү.

Көчмө жыйындын жүрүшүндө белгиленгендей, ЖЭБ кызматкерлеринин ыкчам жооп кайтаруусуна жараша, объектидеги авариялык абал жөнгө салынган. 

«Борбордун тургундары үчүн жылуулук энергиясын берүү токтотулган жок. Насостук станциянын иши ыкчам калыбына келтирилген», – деп билдирди энергетика министри Доскул Бекмырзаев. 

Министрлер кабинетинин төрагасы белгилегендей, мындай окуяларга жол бербөө максатында, өзгөчө түнкүсүн күзөттөгү кызматкерлердин санын көбөйтүү зарыл.

«Бул жолу компаниянын кызматкерлеринин аракети менен кырдаалды тез арада турукташтырууга мүмкүн болду. Жабдуулар эскирген, аны жаңыртууга убакыт келди», – деди Акылбек Жапаров.

Мындан тышкары, 2022-жылдын апрель айына карата жаңылатууга муктаж жабдуулардын тизимин даярдоону тапшырды.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.