Акылбек Жапаров «Балыкчы – Каракол» жолунун курулушунун жүрүшү менен таанышты

Министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров Ысык-Көл облусуна жумушчу сапарынын алкагында «Балыкчы – Каракол» жолунун курулушунун жүрүшү менен таанышты.

Атап айтканда, ал узундугу 141 км саналган «Балыкчы – Барскоон» унаа жолунун тилкесин барып көрдү.  

Бүгүнкү күндө мында 0-25 км чейин курулуш иштери жүрүүдө. Жер үстүндөгү иштер 90% бүткөрүлүп, жасалма курулуштарды (көпүрө, түтүктөр) куруу иштери жүрүп жатат.

Иш аяктагандан кийин жолдун бул бөлүгү 4 тилкелүү эл аралык маанидеги жолго айланаары күтүлүүдө.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.