Акылбек Жапаров БАЭнин вице-премьер-министри менен жолугушту

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Бириккен Араб Эмиратына (БАЭ) жумушчу сапарынын жүрүшүндө БАЭнин вице-премьер-министри, Дубай башкаруучусунун орун басары, финансы министри, шейх Мактум бин Мохаммед бин Рашид Аль Мактум менен жолугушту.

Акылбек Жапаров белгилегендей, Кыргызстан БАЭ менен достук мамилелелерди өнүктүрүүгө чоң маани берет.

Ал шейхти Бириккен Араб Эмиратынын негизделгендигинин 50 жылдыгы менен куттуктады жана мамлекет башчынын БАЭ жетекчилигине куттуктоосун жеткирди.

Жолугушунун жүрүшүндө тараптар өз-ара кызыкчылык туудурган багыттардын жыйындысы боюнча эки өлкө кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин талкуулады. Атап айтканда, инвестициялык, туризм, айыл чарба тармактарындагы кызматташтыктын маселелери талкууланды.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.