Акылбек Жапаров Азербайжандын Кыргызстандагы элчисин кабыл алды

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Азербайжандын Кыргызстандагы элчиси Гидаят Оруджевди дипломатиялык миссиясынын жыйынтыкталышына байланыштуу кабыл алды.

Акылбек Жапаров элчиге кыргыз-азербайжан мамилелерин чыңдоого кошкон олуттуу салымы үчүн ыраазычылык билдирди жана эки мамлекет ортосундагы кызматташтыктын бардык тармактарында салтка айланган достук жана тыгыз мамилелелердин улантылышына ишенимин билдирди.

Өз кезегинде Гидаят Оруджев Акылбек Жапаровду Министрлер кабинетинин төрагасы кызматына дайындалышы менен куттуктап, эки өлкөнүн жалпы маданияты, тарыхы, тили жана салты бириктирип турат деп белгиледи.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.